05.08.2019 11:49

Төрт эмдин ата-энеси Азамат менен Нурайым Смановдор үйлүү болушту

Төрт эмдин ата-энеси Азамат менен Нурайым Смановдор үйлүү болушту

4 эмдин ата-энеси Азамат менен Нурайым Смановдор үйлүү болушту. Аларды куттуктап президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев жана Октябрь районунун акими Максим Ситников барышты.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, эми Арууке, Акбермет, Айчолпон жана Сооронбай акысыз сүз азыктарын жана акчалай жөлөк пул алып турушат.

Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, үй-бүлөгө 90 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү. Ал эми республикалык бюджеттен сүйүнчүгө 16 миң сом берилди.

Эске салсак, 4 эм ушул жылдын 25-февралында жарык дүйнөгө келген. Буга чейин алардын ата-энеси туугандарынын батиринде жашап жүрүшкөн. Кийин президент үй-бүлөгө 2 миллион сомдук сертификат тапшырган. Өкмөт 150 миң сом бөлүп берген.